Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Өкмөттүн өкүлү Сузактын алыскы айылдарында болуп, авариялык абалдагы мектептер менен таанышты (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Канжыга айылында курулуп жаткан мектепти эртелетип бүтүрүү керек, антпесе окуучулар оор абалдагы мектепте билим алууга мажбур болушууда. Мындай маалымат өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин Сузак районуна караштуу Курманбек, Көк-Арт айыл аймактарынын тоо зоонасындагы айылдарын кыдырган жумушчу сапарында белгилүү болду.

Өкүлдү бир катар облустук мекеменин жетекчилери жана район акими Эрмекбай Ормошев коштоп жүрдү. Жумушчу сапар Канжыга айылында каражат бөлүнбөй курулушу токтоп турган П.Ташматов мектебинин абалы менен жеринен таанышуудан башталды. Жаңыдан салынып жаткан имаратка буга чейин 3 миллион сом каражат жумшалып, чатырына чейин жабылган. Дагы 8 миллион сом керек болууда. Ал каражатка имараттын ичи жана отказандар бүткөрүлмөкчү.

Ыйгарымдуу өкүл келээрки жылы бюджеттен каражат бөлдүрүү үчүн болгон аракетин жумшаарын айтты. Айылдыктардын ырастоолорунда, айылга баруучу жол татаал, кыштын күндөрү башка айыл, шаар менен байланышууда кыйынчылык жаралууда. Башка аймактар менен байланыштыруучу көпүрөлөр да кооптуу абалда турат. Ошондой эле, өлкө санариптик берүүлөргө өткөндөн бери айылда телеканалдар көрсөтпөй, маалыматтан артта калып жатышканын айтышты.

Район акими Эрмек Ормошев мектеп имаратын быйыл бүткөрүүгө мүмкүн эмес экенин, эмдиги жылы жаңы окуу жылына мектепти тапшырууга аракет жасала турганын айтты. Андан улай Жоон-Күңгөй айылындагы Тайгараев атындагы башталгыч мектепке да барышып, эл менен жолугушуу уюштурулду. 200 кожолук жашаган айылдагы мектептин имараты да оор абалда турат. Бул жайга башка имарат салуу үчүн түрткү берүүчү грантка долбоор өткөрүүгө аракет жумшалаары маалым болду.

Кара-Чолок айылында Ысмайыл атындагы мектептин имараты да авариялык абалдагы мектептердин катарын толуктайт. Ага карабастан анда 300дөн ашуун бала билим алууда. Имарат жагдайы эске алынып, 2003-жылы жаңы мектептин курулушу башталып, бирок жумуш аягына чыкпай курулушу токтоп калган. 2006-жылы имараттын дубалы тургузулса, 2013-жылы үстү араң жабылган. Ошол таптан бери мектептин курулушу токтоп турат. Быйылкы жылы жергиликтүү бийликтин суранычы, өкүлдүн кийлигишүүсү менен мындагы мектепке 5 миллион сом бөлдүрүшкөн. Ал каражатка бир аз да болсо курулуш иши жандана турганы күтүлүүдө. Бул мектепти бүткөрүү үчүн да аракеттер көрүлмөкчү.

Жумушчу топ Калмак-Кырчын айылынын Ак-Кыя көпүрөсүнүн абалы менен таанышты. Бул көпүрө быйылкы жылдын жаз мезгилинде суунун көп киргенинен улам бир тарабы кыйшайып калган. Курманбек айыл аймагынын башчысы Д.Бакиров жайыт комитетинин 2 миллионго жакын акча табылып жаткандыгын жана жергиликтүү тургундардын колдоосу менен бүткөрүүгө аракет жасалаарын билдирди. Бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү менен ӨКМдин облустук башкармалыгы цемент, арматурадан жардам бермей болушту.

Мындан сырткары, өкүл Жерге-Тал, Комсомол айылдарынын тургундары менен жолугушуп, элдин суроолоруна жооп берди. Карапайым калктын таза суу, мектеп, ФАП маселелерин козгогон суроолорго жооп берип жатып, элди турак жайларды камсыздандырууга чакырып өттү.

«Биздин облус өзгөчө кырдаал көп катталган аймак. Быйыл селден, жер көчкүдөн жабыр тарткандар болду. Жерге-Талдагы 10 түтүн айыл өкмөт бөлүп берген жерге көчүп турсаңыздар болмок. Мына Кызыл-Туу, Кыз-Көл айыл аймактарында 150 кожолуктан 300 кожолукка чейин жер тилкелер берилип, жашоочулар үйлөрүн тургузууда. Жол, электр энергия маселесин чечип жатабыз. 300 миң сомго чейин ипотека берилип баштады», - деди облус башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1152
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×