Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта 23 жаштагы жигиттин телефонун тартып алып, акча талап кылган аял кармалды

Turmush -  Сузак районунда 23 жаштагы жигиттен акча талап кылган аял кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 17-августунда Сузак районунун Көк-Жаңгак айылынын 23 жаштагы тургуну Т.Н. ШИИБге арыз менен кайрылган. Арызда ал 17-августта саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде Гуля атту аял куру доомат менен анын 1500 сомун жана колундагы «Самсунг» үлгүсүндөгү 20 миң сомдук уюлдук телефонун алып, коркутуу жолу менен 50 миң сом талап кылганын билдирген.

Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан Сузак районунун 52 жаштагы тургуну М.Г. шектүү катары ошол күнү эле кармалган. Шектүү аял кылган кылмышын толугу менен мойнуна алган. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-353-беренелери менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу жайга киргизилген. Бирок соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылып, тергөө улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 704
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×